Баткен облусунун соттук-медициналык экспертиза бюросунда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, тергөө учурунда Кызыл-Кыя шаарындагы химиялык лаборатория 2020-жылдан бери иштебей тургандыгы, бирок лаборатория кызматкери маал-маалы менен жумуш ордун кыдырып, өзүнүн кызматтык милдеттерин иш жүзүндө аткарбагандыгына карабастан, айлык маяна алып жүргөндүгү аныкталды.
Чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду.
"Тергөөгө чейинки аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 1 миллион 254 миң 200 сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталды. Баткен облустук соттук-медициналык экспертиза бюросунун жооптуу кызматкерлерине карата зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүп, андан соң тиешелүү юридикалык баа берилет", - деп айтылат билдирүүдө.