Чүйдө бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качкан жаран кармалды

Чүйдө бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, үстүбүздөгү жылдын январында “Аламүдүн” БТЖсына М.Б.Т аттуу кыргыз жаранынын дарегине 2020-жылы чыгарылган Lexus GX 460 үлгүсүндөгү унаа келген. Ал эми 6-январда убактылуу сактоо документи ачылган. 4 күн кичинде унаа бажылык тариздөөдөн өткөн эмес.

Түндүк” темир жол бажысынын кызматкерлери тарабынан убактылуу сактоо кампасында көрсөтүлгөн унаа жок экендиги аныкталып, ал Бишкек шаарында жайгашкан техникалык тейлөө станциясынан табылган. Унаа бардык жагдайлар такталганга чейин мөөр басылып, "Аламүдүн" БТЖсынын аймагында сактоого коюлган", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, төлөөгө тиешелүү бажы төлөмдөрүнүн суммасы 917 миң 566 сомду түздү, ал эми мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 182 миң 504 сомду түзөт.

Аталган факты Башкы прокуратурага мыйзамга ылайык кароо жана тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан