Базар-Коргон районунун тургуну "Хизб ут-Тахрир" уюмунан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Жалал-Абад облустук милициясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында 34 жаштагы Н.М. аттуу тургун "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунан баш тартты.
"Ал буга чейинки кадамдары туура эмес экендигин түшүнгөндүгүн айтып, жаштарды бул жолго барбоого чакырды. Биздин коомго, үрп-адатка чоочун келген агымдардан баш тартарын, мындан ары туура жолго багыт аларын билдирди", - деп айтылат маалыматта.