Тоютту сыртка сатууга убактылуу тыюу салынды

Айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Кыргызстандан ташып чыгууга (реэкспорттон, транзиттен, Министрлер кабинети көрсөткөн гуманитардык жардамдан сырткары) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалымдалагнадай, Евразия экономикалык биримдигине кирбеген өлкөлөргө чөп, саман, комбикорм жана акшакты экспорттоого болбойт. Ушундай эле чектөө арпа, күрүч жана сулуга да киргизилди.

Белгилей кетсек, буга чейин Айыл чарба министрлиги азык-түлүк рыногунда терс кесепеттерге жол бербөө үчүн айыл чарба продукцияларынын айрым түрлөрүн экспорттоого тыюу салуу пландалып жатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан