Бишкекте тургунду алдап, унаасын сатып жиберген жаран кармалды 

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери ири алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда министрликтен билдиришти.

Маалым болгондой, август айында Бишкектин Ленин РИИБине борбор калаанын тургуну алдоо жолу менен мүлкүн ээлеп алып, ири өлчөмдө материалдык зыян келтирген жаранга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Ага ылайык, Бишкекте ушул жылдын июнь айынын биринчи күндөрүндө шектүү жабырлануучунун ишеничине кирип, алдоо жолу менен Тойота Камри үлгүсүндөгү унаасын кайра сатып берем деп ээлеп алып, андан соң белгисиз тарапка изин жашырып кеткен. Келтирилген зыян 25 миң долларды түзгөн.

"Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүмү (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бул мыйзамсыз ишке тиешеси бар жаран аныкталган. Көрүлгөн чаралардын негизинде 1995-жылы туулган З.А. аттуу мурда мыйзамсыз иштери үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган жаран кармалган", - деп айтылат маалыматта.

Алынган маалыматтар боюнча, жогорудагы З.А. аттуу жаран алдоо жолу менен унаа алып, эртеси аны айрым адамдарга сатып жиберген. Ага байланыштуу милиция кызматкерлери эки айдын ичинде аталган унаанын 4 ээси алмашкандыгын аныкташкан.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө иш-амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан