Кыргызстанда биринчилерден болуу: MEGA Сатуу жана тейлөө борборлорунда булут санариптик кол тамгасын алууга болот

Санариптик экономиканын өнүгүшү менен жеке маалыматты өткөрүү менен байланышкан бизнес-процесстерди жөнөкөйлөтүп жана тездете турган интеллектуалдык өнүмдөрдүн жана сунуштардын саны өсүүдө. Мындай касиеттерге булут электрондук кол тамгасы (БЭК) ээ.

Эми булут электрондук санариптик кол тамганы алуу MEGA Сатуу жана тейлөө Борборлорунда да, бардык 70 кеңсесинде жеткиликтүү. MEGA компаниясы бул кызматты көрсөткөн өлкөдөгү биринчи мобилдик оператор болуп калды. Долбоор Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Инфоком» МИ менен биргеликте ишке ашырылган.

Кызматты жеке адамдар да, юридикалык жактар ​​да пайдалана алышат.

БЭК бул документтерге электрондук форматта кол коюуга жана ишкердик операцияларын жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү IT- өнүм. Флэш-дискке (токенге) жана жумуш ордуна байланбагандыгы − булут электрондук кол тамгасынын негизги айырмачылыгы. Электрондук кол тамга анын ээси жөнүндө бардык керектүү маалыматты сактаган санариптик символдорду камтыйт. Анын жардамы менен «Түндүк» порталында 140тан ашуун мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жеткиликтүү: салык кызматына отчет тапшыруу, соттолгондугу/соттолбогондугу тууралуу маалымкат алуу, жумушсуздун расмий статусу жөнүндө маалымкат алуу, салык төлөөчүнүн маалыматтарын билүү, пенсиянын абалын текшерүү, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк тууралуу маалымат алуу, дарыгерге жазылуу жана башкалар. Булардын баарын үйдөн чыкпастан эле, онлайн-режимде аткарууга болот.

Электрондук кол тамга өзү кол койгон кагаздардай эле юридикалык мааниге ээ.

Учурда «Түндүк» мобилдик тиркемесинде төмөнкү санариптик документтер жеткиликтүү:

  • паспорт;
  • айдоочунун күбөлүгү;
  • транспорт каражатын каттоодон өткөрүү тууралуу күбөлүк;
  • туулгандыгы тууралуу күбөлүк.

БЭКти колдонуунун артыкчылыктары:

• мыйзамдуу түрдө колдонулат;

• аралыктан колдонууга болот;

• физикалык алып жүрүүчүнүн жоктугу (бузулуу же жоголуп кетүү тобокелдиктери жок);

· коргоонун жогорку даражасы.

Булут электрондук кол тамгасын алуу үчүн, төмөнкүдөй иш-аракеттерди аткаруу керек:

• жакын жайгашкан MEGA Сатуу жана тейлөө борборуна келүү;

• паспортту (ID) көрсөтүү;

• логин жана жашырын сөз жөнөтүлө турган электрондук почта жөнөтүлө турган телефон номерин көрсөтүү;

• жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдук формасын толтуруу.

БЭКти алуу үчүн юридикалык жактардан төмөнкүлөр талап кылынат:

«Инфоком» МИнин Күбөлөндүрүүчү борборунун Регламентине (КБ) кошулуу жөнүндө макулдашуу (келишимди https://infocom.kg/ru/pki/entity/ сайтынын «Биздин КБ» бөлүмүнөн көчүрүп алсаңыз болот);

Юридикалык жактардын өкүлдөрү үчүн КБ колдонуучусунун ишеним каты (ишеним катты https://infocom.kg/ru/pki/entity/ сайтынын "Биздин КБ" бөлүмүнөн көчүрүп алсаңыз болот);

MEGA өлкөнү санариптик трансформациялоого салымын кошууда!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан