Бишкекте бир аптада 27 мончо текшерилди 

Бишкекте бир аптада 27 мончо текшерилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, Муниципалдык инспекторлор комиссиясынан, Жаратылыш ресурстары министрлигинен, РИИБден, Борбордук мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлеринен турган топ тыюу салынган заттардын күйүү фактыларын аныктоо боюнча рейддерди баштады.
Ага ылайык, бир апта ичинде 27 мончо эко текшерүүдөн өттү. Шаардыктардын суроо-талабы боюнча "С легким паром", "Фрунзе", "Датка" мончолору да текшерилди. Тыюу салынган буюмдарды күйгүзүү фактылары аныкталган эмес. Алардын баары газ менен жылытууга өтүп, жеке үйлөрдөгү мончолор көмүр жана отун менен жылытылары белгилүү болду.
Муниципалдык инспекция зыяндуу заттарды өрттөө Кылмыш-жаза кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгү боюнча 7 миң 500 сомдон 23 миң сомго чейин айып салууга алып келерин эскертет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан