Өспүрүмдү уурдап, андан соң аны сабап салган 6 жаран кармалды

Бишкекте өспүрүмдү уурдап кетип, андан соң денесине залал келтирген 6 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, окуя 3-сентябрда Садырбаев жана Валдайская көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Анда С.Ш. аттуу жарандын уулуна белгисиз адамдар физикалык күч колдонуп, анын эркине каршы аны унаага салып кетишкен. Кийин анын денесине залал келтирип, белгисиз тарапка качып кетишкен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Адам уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

"Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 2004-жылы туулган Э.Э., Т.Д. , Б.К, Н.О. аттуу жарандар, 2000-жылы туулган М.Б., жана 2005-жылы туулган К.Н. аттуу жаран кармалган. Алар Тергөө кызматына жеткирилип, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери уланып жатканы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
XATSAN125
2023-09-05 13:33:00
Нендурайын чилиштер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан