"2024-2028-жылдарга мал чарбасын туруктуу өнүктүрүү" мамлекеттик программасы коомдук талкууга коюлду

Айыл чарба министрлиги 2024-2028-жылдарга мал чарбасын туруктуу өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын долбоорун иштеп чыкты. Документ коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, мамлекеттик программанын максаты азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мал чарба тармактарын ыкчам өнүктүрүү, асыл тукум породалардын продуктуулугун жогорулатуу боюнча иш-чаралардын комплексин ишке ашыруу болуп саналат.

Мамлекеттик программанын негизинде аткарылуучу негизги иш-чаралар:

- фермерлерди асыл тукум эсебин, асыл тукум карточкаларын, продуктуулугун эсепке алуу, айыл чарба малдарын тоюттандыруу жана бирдиктуу автоматташтырылган системаны жүргүзүүгө окутуу;

- асыл тукум жана таза породалуу мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө ар тараптан колдоо көрсөтүү;

- асыл тукум мал чарбасына заманбап санарип технологияларын киргизүү;

- ар бир айыл аймактарда жасалма уруктандырууну уюштуруу жана уруктандыруу боюнча техниктердин арасында жыл сайын рейтинг өткөрүү;

- Министрлер кабинетинин асыл тукум малдарынын сапатына баа берүүнүн жана букалардын өздүк продуктуулугун сыноонун эрежелери жөнүндө жобону иштеп чыгуу;

- геномдук диагностика үчүн молекулярдык-генетикалык лабораторияны түзүү;

- өлкөдө породаларды кайра каттоону калыбына келтирүү;

- рекордсмен уйларды аныктоо үчүн, уйларды суткасына саалуучу сүттүн жогорку чегине жеткирүүнү уюштуруу жана стимулдаштыруу.

- облустарда үзгүлтүксүз асыл тукум малдарынын көргөзмөлөрүн уюштуруу.

"Мал чарбасы боюнча акыркы иштелип чыккан стратегиялык программа "2011-2015-жылдарга карата Кыргыз Республикасында асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы" өз мөөнөтүндө бүткөрүлдү", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан