Соттун милдетин аткаруучусу чет өлкөнүн жараны экендиги аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда УКМКдан билдиришти.
Маалым болгондой, УКМК тарабынан Ош облусунун Ноокат райондук сотунун тергөө судьясы Б.Н.М. чет мамлекеттин жараны экендиги аныкталды.
2016-жылы аталган Б.Н.М. президенттин жарлыгы менен Кыргыз жарандыгын алып, 2021-жылдын 26-июнунда Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы болуп дайындалган. Андан соң 2022-жылдын 30-апрелинде ротация тартибинде Ош облусунун Ноокат райондук сотунун тергөө судьясынын кызматына которулган.
Ага ылайык, белгиленген процессуалдык тартипте УКМК тарабынан тастыкталып, судья болууга талапкер катары тандоо процессинде Б.Н.М. чет мамлекеттин жарандыгы бар экенин жашырган.
"Мыйзамдарга ылайык, Б.Н.М. судьялык кызматты ээлей албайт жана ээлебеши керек, анткени ал Кыргыз жарандыгынан тышкары чет мамлекеттин жарандыгына ээ.
2023-жылдын 29-августунда прокуратура тарабынан Судьялар кеңешине Ош облусунун Ноокат районунун тергөө судьясы Б.Н.М. аттуу жаранга карата дисциплинардык иш козгоо жөнүндө өтүнүч келтирилген", - деп айтылат маалыматта.