Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 1 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Жалал-Абад ОИИБинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-сентябрда КамАЗ үлгүсүндөгү автоунаа Майлуу-Суу шаарына көздөй бара жатканда жолдун карама-каршы тилкесине чыгып, аталган шаардан чыгып келе жаткан Тойота Ист үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан.
Кырсыктын кесепетинен Тойота Ист унаасынын жүргүнчүсү окуя болгон жерден каза тапты. Айдоочу жана башка жүргүнчүлөр Майлуу-Суу аймактык ооруканасына жаткырылганы айтылды.