
Чүй облусунун Сокулук районундагы турак үйдөн өрт чыгып, 8 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, райондун Сокулук айылынын Кайназарова көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан.
Өрттү өчүрүүгө саат 06:10дө Сокулук райондук №23 ӨКБдан жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо саат 09:59да толук өчүрүлгөнү айтылат.
Өрттүн кесепетинен 2015-жылы туулган М.Н. аттуу бала каза болгон.