Автобустарга жол кире 20-22 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн

Бишкекте автобустарда жол кире баасы 20-22 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда борбор калаанын мэринин орун басарынын милдетин аткаруучу Максатбек Сазыкулов SUPER.KG порталына билдирди.

"Бир жүргүнчүнүн наркы 18 сом 70 тыйын 19 сомду түзөт. А биз жүргүнчүлөрдү 11 сомдон ташып жатабыз. Жол кире жок дегенде өзүнүн чыгымдарын актап калышы керек. Эгер биз ыңгайлуу жана өзүнүн убактысы менен жүргөн автобустарды жүргүзө турган болсок, менимче, жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугуна жараша жол кирени көтөрүшүбүз керек. Жол кире 20-22 сом же башка сумма болобу, азыр канча болорун эсептеп жатабыз. Башкысы, ошондой деңгээлге жараша жүргүнчүлөрдү ташыйбыз",- деди Сазыкулов.

Ошондой эле ал мындай нерсе популярдуу эмес экенин, бирок мэрия ушундай чечимге барышы керек экенин кабарлады.

"Азыркы күндө жол кирени 11 сом бойдон калтыра турган болсок, 2-3 жылдан кийин автопарк эскирет. Биз жол кире өзүн-өзү камсыздай турган деңгээлге жетишишибиз керек. Азыр бул маселе талкууланып жатат, кийинчерээк коомдук талкууга коёбуз",- деп билдирди мэрдин орун басарынын милдетин аткаруучу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан