Бир нече жолу алтын буюмдарын алып чыгып жүргөн аткезчилер менен бирге "Манас" аэропортунун кызматкерлери кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда УКМКдан билдиришти.
Маалым болгондой, УКМК көмүскө каржы ресурстарын мыйзамсыз жүгүртүүгө жана адалдоого багытталган, алтын буюмдарын Индияга системалуу түрдө контрабандалык жол менен ташуу боюнча маалыматтарды аныктаган.
Ага ылайык, 3-сентябрда саат 08:40 чамасында “Манас” эл аралык аэропортунан, Кыргыз жараны К.Н. менен Кыргызстандан Индияга стерилдүү зонада учууга аракет кылган учурунда жалпы салмагы 3 килограмм 985 граммды түзгөн 6 даана сары түстөгү катуу материал буюмдары табылган. Белгилей кетсек, аталган алтын буюмдар боюнча расмий документтер болгон эмес.
Жогорудагы фактылар боюнча УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, анын алкагында айрым жарандар УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.
Тактап айтканда, “Манас” эл аралык аэропортунун авиациялык коопсуздук кызматынын 2 кызматкери, ошондой эле жогорудагы коррупциялык схемага тиешеси бар 2 жаран кармалган.
Учурда аталган фактыга байланыштуу тергөө иштери жүрүп жатат.