Бишкек шаарынын тургунунун үйүнөн героин жана апийим табылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, милиция кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө 1984-жылы туулган К.У. аттуу жарандын үйүнүн короосунан кызматтык иттин жардамы менен жашыл түстөгү курулуш мээлейи табылып, анын ичинде боз түстөгү өзгөчө жыты бар зат, салмагы 40 грамм героин, 90 грамм апийим табылган.
Ага байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен кылмыш иши козголуп, кармалган шектүү К.У. Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.