Казакстандын Акмола облусунда сибирь жарасын жуктуруп алгандардын саны 15ке жетти. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Буга чейин 12 адамдын ооруканага жаткырылганы маалымдалган. Учурда аталган аймактын жугуштуу оорулар бөлүмүндө болгону 15 койка бар, калган күйдүргү менен ооругандар коңшу райондордун ооруканаларына жөнөтүлөт. Айылда карантин уланууда.
Эске салсак, буга чейин Акмола облусунун 12 тургуну күйдүргү оорусуна чалдыккан деген шек менен ооруканага жаткырылган. Бейтаптар менен 22 адамдын байланышта болгону аныкталып, алар Жаркайын райондук аймактык ооруканасынын медициналык кызматкерлеринин көзөмөлүндө экени кабарланган. Аталган аймактын кире беришине полиция кызматынын отряддары коюлуп, кирип-чыгуучу унаалар жана калк көзөмөлгө алынган.
Күйдүргү (сибирь жарасы деп да аталат) – денени ууландыруу, чыйрыктыруу менен коштолгон курч мүнөздөгү жугуштуу оору. Терини, кээде ичеги-карынды, өпкөнү жабыркатат, ошондой эле канды бузат.