Алайдагы Гүлчө дарыясына чакан ГЭС курулат

Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө дарыясына чакан гидроэлектр станциясы курулат. Бул тууралуу Орусия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артём Новиков социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Маалым болгондой, ГЭС курууга 4 миллион 200 миң доллар бөлүү пландалып жатат. Долбоорду “Алай Гидро” ЖЧКсы ишке ашырат. Кубаттуулугу 9 мегаватты түзгөн жаңы ГЭС Алай районунун электр энергиясына болгон муктаждыгынын 86 пайызын камсыздайт. Станцияда заманбап жогорку технологиялык жабдуулар колдонулат.

Артём Новиков билдиргендей, акыркы эки жылда бул гидроэнергетика чөйрөсүндө Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен өлкөдө ишке ашырылып жаткан сегизинчи долбоор. Алардын жалпы кубаттуулугу 153 мегаватты түзөт. Бул жылына дээрлик 600 миллион киловатт-саат электр энергиясы дегенди билдирет.

ГЭС боюнча долбоорлордун жалпы баасы 183,6 миллион долларга бааланып, анын 39 пайызы, башкача айтканда, 72 миллион доллары фонд тарабынан бөлүнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан