Жалал-Абадда ири көлөмдө мыйзамсыз кофе азыктарын даярдап, сатып жүргөн жаран аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, 8-июлда Жалал-Абад шаарындагы базарда жана соода түйүндөрүндө мыйзамсыз колдо жасалган кофе азыктары сатылып жаткандыгы боюнча ыкчам маалымат алынган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренесинин (Мыйзамсыз ишкердик же банктык иш) негизинде кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында мыйзамсыз кофе азыктарын 2 жерде даярдап жүргөн 1990-жылы туулган С.Э. аттуу Ноокен районунун тургуну экендиги аныкталган. Жалал-Абад шаардык сотунун токтомунун негизинде анын Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарындагы үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн.
"Тинтүү учурунда жасалма кофе жана башка азык-түлүк продукцияларын чыгаруучу 1 даана станок, 3 кап колдо жасалган “Маккофе” аталышындагы кофе, “Маккофе” кофесинин 11 даана рулонго оролгон сырты, 72 куту колдо жасалган “Фрима” аталышындагы кургак сүт азыгы, 2 кап “Байжи” чайдын сырты, 3 кап колдо жасалган “Мурас” куруту жана 12 капта “Мурас” курутунун сырты табылып алынды.
Ал эми экинчи даректеги азык-түлүк сактоочу кампасынан 132 куту колдо жасалган “Маккофе” кофеси, 5 куту колдо жасалган “Фрима” аталышындагы кургак сүт азыгы жана 1 даана компьютердин процессору табылып алынды", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.