"22-январда Кыргызстанга кирген". Бишкекте Максат Эрик уулу изделүүдө

Бишкекте Эрик уулу Максат аттуу жаран изделип жатат. Анын жүргөн жерин аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын бүгүн, 5-сентябрда Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, 16-августта Д.Э. аттуу жаран аталган мекемеге уулун издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен арыз жазган. Арызда уулу 2019-жылы Орусияга иштегени кеткени, акыркы жолу 2023-жылдын январь айында байланышканы жазылган. Андан кийин Максат байланышка чыкпай калган.

Бул факты электрондук журналга катталып, текшерүү иштери башталган. Андагы маалымат боюнча, Эрик уулу Максат 2023-жылдын 22-январында Москва-Бишкек авиакаттамы менен өлкө аймагына кирген.

Изделип жаткан жарандын өзгөчө белгилери: Бою болжол менен 170-175 сантиметр, арык чырай, чачы кара түстө жана далысына чейин жетет, көзү күрөң.

Мекеме изделип жаткан жаран тууралуу маалыматы барлар 0(312) 352-947 же 102 номуру аркылуу байланышып коюуну өтүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан