Кыргызстан Азия оюндарына спорттун 23 түрү боюнча катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен маалымдашты.
Белгилүү болгондой, аталган оюнга өлкөнүн атынан 230дан ашык адам барат. Анын ичинде спортчулар, машыктыруучулар, медицина кызматкерлери, кураторлор жана басма сөз кызматынын өкүлдөрү бар.
Азия оюндарынын программасына жалпы 42 спорт түрү киргизилген, анын ичинен кыргызстандык спортчулар 23 спорт түрүнөн катышат. Аларга бокс, сууда сүзүү, ок атуу, жаа атуу, дзюдо, оор атлетика, күрөш түрлөрү (кыз-келиндер күрөшү, эркин күрөшү, грек-рим күрөшү), каратэ, фехтование, жеңил атлетика, каное жана байдаркада сүзүү, заманбап спорттун беш түрү, таэквондо WT, триатлон, волейбол, шахмат, ушу саньшоу, кибер спорт, жиу-житсу, баскетбол 3х3, көркөм гимнастика, футбол жана кураш кирет.
Белгилей кетсек, Азия оюндары быйыл 23-сентябрдан 8-октябрга чейин Кытайдын Ханчжоу шаарында өтөт. Аталган мелдеш төрт жылда бир жолу өткөрүлүп, ага 40тан ашуун өлкөнүн спортчулары катышат.
Азия оюндары 1951-жылдан бери өткөрүлүп келет. Акыркы жолу 2018-жылы Индонезиянын Жакарта шаарында өтүп, Кыргызстандын улуттук курама командасы 2 алтын, 6 күмүш жана 12 коло медаль жеңген.