Бишкекте райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү кармалды

Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери далилдерди бурмалоо фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан күрөштүн алкагында, Кылмыш-жаза кодексинин 361-беренесинин 2-бөлүгү жана 337-беренеси (Далилдерди бурмалоо жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш ишинин материалдарынын негизинде, 4-сентябрда Токмок ШИИБинин тергөө кызматынын мурдагы улук тергөөчүсү, азыр Бишкектин Октябрь РИИБинин тергөөчүсү С.Ж.А. кармалды.

"Токмок ШИИБинин тергөө кызматынын тергөөчүсү С.Ж.А. анын өндүрүшүндөгү кылмыш ишин тергөөдө шалаакылык кылган. Тагыраагы, Жазык-процесстик кодексинин талаптарын одоно бузуп, эки жүргүнчүнүн өлүмүнө алып келген жол кырсыгын тергөөдө жана далилдерди чогултууда шалаакылык менен мамиле кылган. Ошондой эле жабырлануучу тарабынан келтирилген материалдык далилдер эске алынбай, процессуалдык нормалар бузулуп, кылмыш иши бир жактуу тергелген", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары эксперт А.Ө. менен алдын ала сүйлөшүп алып, тергөө амалдарын бурмалоо менен, алар каза болгон адамга мүнөздүү болбогон кырсык учурундагы дене жаракаттарын көрсөтүшкөн.

4-сентябрда УКМК тарабынан С.Ж.А.нын кырсыктын күнөөкөрүнүн кызыкчылыгы үчүн далилдерди бурмалоо жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жолу боюнча мыйзамсыз аракеттери аныкталган.

Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан