Нарын районундагы Эмгек-Талаа айылында 75 орундуу "Таберик - Эмгек Талаа" балдар бакчасы ишке берилди. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда президенттин облустагы өкүлчүлүгүнө маалымдашты.
Маалым болгондой, бала бакчанын курулушу 2015-жылы башталып, 8 жылдан бери каражаттын жетишсиздигинен бүтпөй турган. Курулуш ишин "М-Стард" курулуш ишканасы жүргүздү. Жалпы сметалык баасы 32 миллион сом болуп, республикалык бюджеттен каржыланды.
"Президенттин көптөн бери токтоп турган социалдык объектилерди бүткөрүү тапшырмасынын негизинде курулуш иши улантылып, жаңы окуу жылына карата айыл элине белек кылынды", - деп айтылат маалыматта.