Бишкекте каршы тилкеге чыгып, унаа башкарган айдоочуга 15 миң сом айып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, буга чейин социалдык тармактарда каршы тилкеге чыгып, унаа башкарган айдоочуга карата чара көрүү боюнча жарандар ЖКККББга кайрылышкан.
Ага ылайык, ЖКККББнын кызматкерлери ошол замат жол эрежесин бузган айдоочуну таап, каршы тилкеге чыккандыгы үчүн 15 миң сом айып салып, кайра мындай жорукту кайталабоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.