Ош шаарында унаасын камсыздандырып, жол кырсыгына кабылган айдоочуга кенемте төлөнүп берилди. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы кабарлады.
"Бүгүн, 5-сентябрда ХОВО үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасын камсыздандырган Ош шаарынын Жапалак айылынын тургуну Илимбек Жээнбековго Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан жалпы суммасы 1 миллион 135 миң 320 сом кенемте сертификаты берилди.
Сертификатты Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев жана Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Оштогу бөлүмүнүн башчысы Төрөбек Нариев тапшырышты", - деп жазылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, кенемте жол кырсыкка кабылган жана камсыздандырылган унаанын чыгымдарынын ордун толтуруу максатында бөлүндү.