Кыргызстан өзүнүн улуттук документтерин биринчи жолу өзү чыгара баштады

Кыргызстан өзүнүн улуттук документтерин өзү басып чыгара баштады. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
"Президенттин иш башкармалыгына караштуу “Учкун” мамлекеттик басмаканасы үчүн заманбап жабдуулар сатылып алынган. Эми өлкөнүн тарыхында биринчи жолу өзүбүздүн улуттук документтерибизди басып чыгара баштадык.
Буга чейин дайыма Кыргызстандын жарандарынын паспорттору чет өлкөлөрдө басылып келген. Бул айрым абийирсиз аткаминерлердин, ал турсун кылмыш дүйнөсүнүн лидерлеринин да мыйзамсыз байышына жол ачкан.
Паспорт мафиясы менен күрөшүүгө бир жыл кетти. Бул күрөштүн башында мамлекет башчысы өзү турбаганда майнап чыкмак эмес.
Учурда паспорт мафиясы жоюлду. Муну менен биз мурда чет өлкөдөн буйрутма берип үч эсе кымбат жасалып келип турган мамлекеттин жана элдин акча каражаттарын үнөмдөп калдык", - деди ал.
Ал ошондой эле жыл сайын чет өлкөдөн орточо бир жарым миллионго чейин ID-карт жана жалпы жарандык паспортторду бийлик буйрутма менен алып келгенин белгиледи.
"Канча деген каражаттар абийирсиз адамдардын чөнтөгүнө түшүп турганын элестетсеңиздер.
Паспортторду даярдоо дүйнөнүн эң алдыңкы өлкөлөрүндө колдонулган акыркы технологиялар боюнча жүргүзүлөт. Буга чейин Кыргызстандын жасалма паспорттору чет өлкөдө аныкталган фактылар болуп келген жана алардын даярдалган жерин аныктоо ар дайым эле мүмкүн болгон эмес.
Эми болсо көп баскычтуу коргоо системасы колдонулат. Коргоо деңгээли боюнча биздин паспорттор дүйнөнүн алдыңкы он өлкөсү менен тең тайлаша алат. Андыктан эми Кыргызстандын паспортторун бүгүнкүдөй сапатта жасалма кылып чыгарууга мүмкүн болбойт.
Мындан ары Кыргызстандын жарандарынын бардык улуттук документтери өзүбүздүн өлкөдө басылып чыгарылат, жүз пайыз мамлекеттин көзөмөлүндө болот.
Кудай буюрса, кийинки жылдан тартып өзүбүздүн улуттук валютаны да басып чыгара баштайбыз", - деп кошумчалады ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Marlen.
2023-09-05 21:48:00
Кыргызстаным ар дайым өнүгүп,өркүндөй берсин...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан