Ош шаарында унаасы менен каршы тилкеге чыккан айдоочуга айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-августта Ош шаарында Матиз унаасынын айдоочусу карама-каршы тилкеге чыгып, андан кийин башка айдоочуга тап берген видеосу социалдык тармактарга тараган.
Ош шаары боюнча Милициянын кайгуул кызматы аталган жаранды таап, каршы тилкеге чыгып айдаганы үчүн 15 миң сом айып салган.