Бүгүн, 6-сентябрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Абанын температурасы:
Чүй аймагында түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26 градус,
Талас дубанында түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24 даража,
Баткен, Ош, Жалал-Абад өрөөндөрүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31 градус жылуу болот.
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25,
Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +20…+25 даражага чейин жетет.
Ал эми борбор калаа Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +24…+26 градус болот.
Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.