Оор атлетика боюнча курама команда Дүйнө чемпиондугуна катышат

Оор атлетика боюнча курама команда Дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалымдалгандай, Кыргызстандын оор атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү Бекдөөлот Расулбеков (102 килограмм) жана Эмил Молдодосов (89 килограмм) Эр-Рияд шаарында (Сауд Аравия) өтө турган Дүйнө чемпиондугуна катышат.
Мелдеш 3-18-сентябрь күндөрү өтөт.
Ага ылайык, спортчулар улук машыктыруучу Өмүржан Молдодосов жана башкы машыктыруучу Камбар Токтоналиевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышат.
Белгилей кетсек, курама команда Азия оюндарына жана Дүйнө чемпиондугуна даярдык көрүү максатында 20-августтан 3-сентябрга чейин Эл аралык окуу машыгуу жыйынын өткөргөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан