Бүгүн, 13-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук
филармониясында жылдын мыктыларын аныктаган концерт өтүүдө.
"Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Жылдын жаңырыгы" наамына татыктуу болгон эжебиз Алтынай Нарбаева кубанычын жашырган жок.
"Концертке конок катары келгем. Наамды алгандан кийин майрамга айланды. Албетте, күтүүсүз болду. Бул бир гана мен үчүн эмес, кыргыз эли үчүн майрам болду деп ойлойм. 8 жаштан 80 жашка чейинкилер сүйүп окуган гезит менин да сүйүктүү гезитим болуп эсептелет",- деди ырчы.