
Өлкө аймагында бир күн ичинде 9 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 10 бөлүм тартылган.
- Бишкек шаарында – 1;
- Ош облусунда – 1;
- Чүй облусунда – 1;
- Жалал-Абад облусунда – 3;
- Ысык-Көл облусунда – 2;
- Нарын облусунда – 1.
Ага ылайык, куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болду.