Кечээ, 5-сентябрда Түркиянын Стамбул шаарында катуу жааган жаандан улам сел жүрдү. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыкты.
Маалым болгондой, Арнавуткой, Башакшехир жана Күчүкчекмежеде жаандан улам жолдордо сел пайда болуп, унааларды, турак-жайларды суу каптаган. Чам, Сакура шаардык ооруканасында жана айрым метро станцияларында да сел жүргөн.
Ички иштер министри Али Йерликая селдин кесепетинен 2 жарандын каза болгонун жарыялаган. Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа табигый кырсыктан 12 адамдын жабыркап, ооруканага жаткырылганын билдирген.
Бийлик жарандарды сыртка чыкпоого чакырууда. Учурда жабыркагандар менен келтирилген зыяндар такталып жатканы айтылууда.