Жалал-Абадда 4 баллга жеткен жер титирөө катталды 

Жалал-Абадда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 00:12 чамасында өлкө аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

"Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Совет, Карача айылдарында, Ноокен районунун Масы, Кызыл-Октябрь, Эски-Масы айылдарында 4 балл, Базар-Коргон шаарында, Акман айылында, Ноокен районунун Курулуш, Кара-Булак айылдарында 3,5 балл, Кочкор-Ата шаарында, Базар-Коргон районунун Беш-Бадам айылында 3 балл, Жалал-Абад шаарында 2,5 баллга чейин сезилген", - деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан