Венгрияда өткөн дүйнө чемпиондугунда каратэ боюнча кыргыз спортчулары жеңишке жетишти

Бишкек шаарынын курама командасынын мүчөлөрү каратэ-до шотакан боюнча дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүлөрү болушту. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
Маалым болгондой, ушул жылдын 25-августунан 27-августуна чейин Венгриянын Дьер шаарында шотокан каратэ-до боюнча 14-дүйнө чемпиондугу өттү.
Ага дүйнөнүн 50 өлкөсүнөн миңден ашык спортчу катышканы айтылат.
"Кыргызстандын курама командасынын курамында 31 катышуучу болгон. Спортчулар 5 алтын, 3 күмүш жана 5 коло медалга ээ болушту.
Дүйнө чемпиондугуна Бишкек шаарынын курама командасынын мүчөлөрү да катышты. Командалык кумитэде Адилхан Моңолдоров менен Самуил Койчубеков казынага алтын кошсо, жеке ката программасында Бейшеналиева Азалия күмүш байгеге ээ болду", - деп жазылат анда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан