Күз келип, кышкы суукка карата даярдык башталды. Адаттагыдай өлкө боюнча көмүр сатылып, калк сууктун камын көрүүдө. Бирок быйыл Бишкекте Кара-Кеченин көмүрүн сатууга жана жагууга тыюу салынды. Энергетика министрлиги мындай жол менен Бишкектин ыш маселесинин алдын алууга аракет кылып жатканын айткан. Көмүр маселеси борбор калаанын актуалдуу темасына айланган ыш көйгөйүн чечүүгө жардам береби, деги эле көмүрдүн баасы, турак-жайлардын жылуулугу тууралуу сөз кылабыз.
"Кара-Кече" Бишкек ЖЭБге болот, бирок жеке секторлорго тыюу салынат
Кара-Кече кенинен чыккан көмүрдү шаар ичинде сатууга жана колдонууга тыюу салынганы менен Бишкек бул аймактын көмүрүнөн толук түрдө баш тартпайт. "Кыргыз Көмүр" мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин орун басары Надыр Бекжановдун айтымында, Кара-Кечеден көмүрүнө тыюу салынганы менен Бишкек ЖЭБге Миң-Куш бассейнинен 600 миң тонна киргизилет.
"Негизи токтомго ылайык, Бишкек ЖЭБге күз-кыш айларына 1 миллион 100 миң тонна көмүр керектелет. Анын ичинен 600 миң тонна Кара-Кечеден келсе, 50 миңи Таш-Көмүрдөн келет. Калган 550 миң тонна көмүрдү Казакстандан алабыз",- деди Бекжанов.
Бишкек ЖЭБге жагылган Кара-Кеченин көмүрү тилекке каршы, жеке секторлорго колдонулбайт. Жалпысынан борбор калаадагы жеке секторлордун көмүргө болгон муктаждыгы 132 миң тоннаны түзөт. Борбор калаанын жетекчилиги айткандай, бул көмүр Казакстан менен келишим түзүлүп, ошого жараша алып келинет.
Казакстан көмүрү 6 миң сомдон сатылат
Бекжанов азыркы тапта Казакстандын көмүрү сатылып жатканын билдирди. Бирок кийинкиси кандай болуп келе турганы боюнча так прогноз айта албай турганын жана учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.
Көмүрдүн баасы шаардыктардын чөнтөгүнө туура келеби деген да суроо жаралат. Былтыр Кара-Кече кенинен чыккан жергиликтүү көмүрдүн баасы тоннасына 4000-4500 сомдон сатылган. Быйыл Чүй өрөөнүнүн аймагында 5000-5500 сомдун тегерегинде сатылууда. Ал эми Казакстандын көмүрү 6 миң сомго бааланып жатат.
Биз Казакстандан келчү көмүрдүн сапаты менен жергиликтүү кенден чыккан көмүрдүн айырмачылыгын сурап көрдүк. Бекжановдун айтымында, Кара-Кеченин көмүрүнүн жылуулук кубаттуулугу Казакстандыкына караганда төмөнүрөөк жана күл жагынан Кыргызстандыкы азыраак чыгат.
Көмүргө тыюу салуу көйгөйдү күчөтүп жибериши мүмкүн
Экологдор Кара-Кеченин көмүрүнө тыюу салуу Бишкектин экологиялык абалын жакшыртууга жасалган бир аракет деп эсептешет. Бирок абалды өзгөртүүгө салым кошпой турганын айтышууда. Алардын арасында тургундардын жашоо шартына карабай Казакстандын кымбат көмүрүн алуусун талап кылуу туура эмес деп эсептегендер да бар. Эколог Абдималик Элемановдин айтымында, мындай чечим кайра көйгөйдү күчөтүп жибериши мүмкүн.
"Алманы аким жеди, келтекти жетим жеди" дегендей карапайым калкка күнөөнү арта салып, алардын жашоо шартына карабай Казакстандын кымбат көмүрүн алууну талап кылуу туура кадам деп эсептей албайм. Калк көмүр жетишсиз болсо колуна тийгени менен от жагып, жылынып, тамак ашын бышырат. Көйгөй кайра күчөп кетүүсү мүмкүн. Азыркы убакта газ жетишсиз, электр энергияны жылытууга колдонууга тыюу салынса, социалдык жарылууга алып келет.
Экинчиден, коррупцияны күчөтөт. Ондогон жылдар бою көмүр бизнеси менен алектенгендер ар кандай жолго барышат.
Негизи Кара- Кеченин көмүрү толук быша элек, күлдүүлүгү ( зольность) 20 пайыздан жогору, ал эми жылуулук берүүсү 3500 Ккал барабар. Казакстандын Шабуркуль көмүрүнүн жылуулук берүүсү болсо 7500 Ккал тете.
ЖЭБде бышпаган, жылуулук аз берген көмүрдү пайдалануу да аргасыздын иши болсо керек",- деди Элеманов.
Бишкектеги ыш көйгөйү көмүргө байланыштуубу?
Былтыр, декабрь айында дүйнөлүк абанын сапатынын индексин иликтеген World Air Quality Index порталында абадагы зыяндуу РМ 2,5 заттарынын көлөмү боюнча Бишкек 288 деген сан менен дүйнөдөгү эң булганыч шаарлардын сап башына чыккан. Ал эми Финляндиянын метеорологиялык институту Бишкек шаарындагы абанын булганышынын негизги булагы көмүргө байланыштуу экенин билдирген.
Дегени менен экологдор Кара-Кеченин көмүрүнө тыюу салуу Бишкектин абасына канчалык деңгээлде таасирин тийгизе турганына кызыктар.
Буга чейин президент Садыр Жапаров Глазгодогу климатка байланыштуу саммитте 2030-жылга чейин Кыргызстан көмүр кычкыл газын абага чыгарууну 44 пайызга азайтууну пландап жатканын айткан. Ошондой эле 2050-жылга чейин Кыргызстан жашыл өнүгүү платформасында көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүгө аракет кыларын билдирген.
"Өнөр жай секторун жана турак жай-коммуналдык чарба тармагын көмүртектүү энергия булактарынын ордуна, биринчи кезекте, көмүрдүн ордуна электр энергиясына толук өткөрүү үчүн чакан жана орто ГЭСтерди куруу долбоорлорун этап-этабы менен ишке ашырууну көздөп жатабыз",-деген өлкө башчы.
Тилекке каршы, суунун тартыштыгы, калктын газ менен толук камсыз болбошу кайрадан эле көмүрдү колдонууга алып келүүдө.
Турак-жайды электр энергиясы менен жылытууга тыюу салынат
Быйыл кышта бишкектиктерге Кара-Кеченин көмүрүн колдонууга гана тыюу салынган жок. Эми шаар тургундарына үйлөрүн электр энергиясы менен жылытууга да тыюу салынат. Кечээ, 5-сентябрда энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев мындай чечим суунун аздыга байланыштуу кабыл алынганын "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
"Быйыл суунун аздыгына байланыштуу электр энергиясы менен жылытууга тыюу салынат. Бирок ар бир керектөөчү өзүнө тиешелүү электр энергиясын ала алат. Азыр ар бир үйгө болжол менен 5 киловатт деп санап жатабыз. Ар бир үй-бүлөдө электр жарыгы болот, электрдик жабдууларга энергия жетет. Болгону электр жылуулугуна күчүбүз жетпей калышы мүмкүн", - деди министрдин орун басары.
Ошондой эле газ түйүнү бар аймактар жылуулукту газ аркылуу камсыздоого мүмкүнчүлүгү бар. Байгазиев ар бир айыл көмүр менен да камсыздала турганын, учурда кампада 283 миң тонна көмүр бар экенин кошумчалады.