Бишкектин тургунунун унаасынан марихуана баңгизаты табылды. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, милиция кызматкерлери Бишкек-Торугарт жолунун 23-чакырымындагы Тайота Авенсистин унаасын токтотуп, көлөмү 5 литрлик пластик бөтөлкөнүн ичинде өзгөчө жыты бар, эзилген зат жана целлофан баштык табышкан.
Ага ылайык, табылган заттын жалпы салмагы 3 килограмм болгон 85 грамм кургатылган марихуана болуп аныкталган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, кармалган айдоочу 39 жаштагы С.Р. андан ары иликтөө үчүн Октябрь райондук Ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматына жеткирилген.