Сузакта жүргүнчүгө ок атылган окуяга байланыштуу дагы эки адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, окуя 29-августтан 30-августка караган түнү болжол менен саат 00:30 чамасында болгон.
Дэу Нексия үлгүсүндөгү унаада жүргүнчү катары бара жаткан 29 жаштагы Н.С аттуу жаранга Хюндай Гетс үлгүсүндөгү унаа менен келген белгисиз адамдар бир нече жолу ок чыгарган. Жабырлануучу оор жараат алып, облустук ооруканага жаткырылган.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары Сузак районунун тургуну 1995-жылы туулган Б.М кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Кийин дагы Сузак районунун тургундары 1999-жылы туулган Ж.Э жана 2000-жылы туулган Р.К кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатканы кабарланат.