Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз балбаны алтын медаль утту

Кыргызстандын сурдо грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Нарту Абдурахманов Дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалымдалгандай, спортчу 97 килограммга чейинки салмакта катышып, алгач 1/4 финалдык беттеште ирандык балбанды жеңген.

Жарым финалда казакстандык балбанды утса, ал эми финалдык беттеште түркиялык балбанды жеңип, алтын медаль тагынды.

Белгилей кетсек, мелдештер Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп жатат. 3-сентябрда башталган чемпионат 11-сентябрда жыйынтыкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан