Эртеңкиге карата аба ырайы

Эртең, 7-сентябрда өлкөнүн Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Ал эми калган аймактарда жаан-чачын болбой турганын Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28 градус,

Талас облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +21…+26,

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +28…+33 даражага чейин ысыйт.

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн +9…+14, күндүз +19…+24 градус болсо,

Нарын жергесинде түнкүсүн +3…+8, күндүз +22…+27ге чейин жетет.

Ал эми борбор калаа Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 26…28 градус жылуу болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан