Супер концерт кызыктуу уланып жатат. Азыркы тапта Аваз Акимов "Ай-ай-ай" ырын аткарууда. Эске салсак, ырчынын бул ыры "Жылдын супер клиби" наамына талапкер.
Авазды сахнага чакырган алып баруучулар "Самат эшеги менен келиптир" деп тамашалап да өтүштү.
Белгилей кетсек, бүгүн, 13-декабрда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда "Супер концерт-2013" өтүүдө. Бул концертте жылдын мыктыларынын жана жарым жылдан бери жүргүзүлүп жаткан «Супер сулуу-2013» сынагынын жыйынтыгы чыгарылат. Эртең, 14-декабрда ушул эле концерттин экинчи бөлүгү болот.