Калыс-Ордо конушунда бүгүн, 6-сентябрда кафеден чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.
"Тилсиз жоо бүгүн толугу менен саат 15:26да өчүрүлдү", - деп айтылат билдирүүдө.
Аны өчүрүүгө министрликтин шаардык бөлүктөрүнөн 3 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган.
Кошумчалангандай, өрттүн кесепетинен жабыркагандар болгон эмес.