Бажы кызматы августта 9 миллиарддан ашык бажы төлөмдөрүн чогултту

Ушул жылдын август айында Мамлекеттик бажы кызматы 9,77 миллиард сом бажы төлөмдөрүн чогулткан. План 104,6 пайызга аткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда Бажы кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, август айында Мамлекеттик бажы кызматы республикалык бюджетке 9,77 миллиард сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыз кылды. 2022-жылдын август айына салыштырмалуу түшүү 2,2 миллиард сомго көбөйдү. План 104,6 пайызга аткарылып, 783,7 миллион ​​сомго ашыкча чогултулду.

"Ушул жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча бажы төлөмдөрүнүн иш жүзүндө түшүүсү 68,5 миллиард сомду түздү. 2022-жылдын 8 айына салыштырмалуу түшүү 23,7 миллиард сомго көбөйгөн. Финансы министрлиги тарабынан белгиленген пландык көрсөткүчтөр 107,6 пайызга аткарылган же 4,8 миллиард сомго көп чогултулду", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан