Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарында 13 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан тургунду издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, Таш-Көмүр райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары тарабынан 2 күн издөө иштери жүргүзүлдү. Натыйжа болбогондуктан издөө иштери туугандарынын макулдугу менен токтотулду.