Кытайдын Ханчжоу шаарында төрт жылда бир өтүүчү Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашуун киши барат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Кыргызстандын атынан бара турган команданын ичинде спортчулар, машыктыруучулар, медицина кызматкерлери, кураторлор жана басма сөз кызматынын өкүлдөрү бар.
Маалымдалгандай, спорттук иш-чара 23-сентябрдан 8-октябрга чейин өтөт. Ага катышуучу өлкөлөрдүн саны 40тан ашат.
Азия оюндарынын программасына спорттун 42 түрү киргизилген. Кыргызстандык спортчулар 23 түрү боюнча катышат. Алар: бокс, сууда сүзүү, ок атуу, жаа атуу, дзюдо, оор атлетика, күрөш (кыз-келиндер күрөшү, эркин күрөш, грек-рим күрөшү), каратэ, фехтование, жеңил атлетика, каноэ жана байдаркада сүзүү, заманбап спорттун беш түрү, таэквондо WT, триатлон, волейбол, шахмат, ушу саньшоу, кибер спорт, жиу-житсу, баскетбол 3х3, көркөм гимнастика, футбол, кураш.
Буга чейин министрлик Азия оюндарына катыша турган курама командалардын параддык жана спорттук кийими даяр экенин билдирген.
Кошумчаласак, Азия оюндары 1951-жылдан бери өткөрүлүп келет.