Бишкек мэринин орун басары Нурдан Орунтаев Киргизия-1 конушунун жашоочулары менен жеке үйлөрдүн жанында курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн маселеси боюнча жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, жолугушууга Бишкек шаардык кеңештин депутаты Таалай Темиркулов, "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын башчысы Урмат Карыбаев жана Мамлекеттик курулушуна караштуу Мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Адис Саяков катышты.
Ага ылайык, тургундар көп кабаттуу үйлөрдүн курулушуна каршы чыгышты. Мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев белгилегендей, бүгүнкү күндө турак-жай конуштарынын аймагында (жеке үйлөрдүн жанында) көп кабаттуу объекттерди курууга уруксат берүүчү документтерди кайтарып алуу иштери жүрүп жатат.
Эскерте кетсек, шаар куруу кеңешинин чечими менен турак жай конуштарынын аймагында көп кабаттуу үйлөрдү курууга тыюу салынган.