Супер концертте жалаң ырлар гана эмес, боор эзген тамашалар да орун алып, эл алдына чыккан "Ак-Өргө сити" командасы элди күлкүгө бөлөөдө.
Белгилей кетсек, бүгүн, 13-декабрда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда "Супер концерт-2013" өтүп жатат. Бул концертте жылдын мыктылары тандалып, жарым жылдан бери жүргүзүлүп жаткан «Супер сулуу-2013» сынагынын жыйынтыгы чыгарылат. Эртең ушул эле концерттин экинчи бөлүгү уланмакчы.