Кыргызстан жаа атуу боюнча эл аралык турнирде 9 медалга ээ болду (фото)

Кыргызстан салттуу жаа атуу боюнча эл аралык турнирде 9 байгеге ээ болду. Бул тууралуу "Салбуурун" федерациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, 1-3-сентябрда Казакстандын Алматы шаарында "Улуу дала кошпендилер алеми" аттуу түрк тилдүү элдердин этно-фестивалы болуп өттү. Иш-чарага жалпы 7 өлкөнүн спортчулары катышты. Иш-чарада ойнотулган 12 медалдын 9 медалын Кыргызстандын жаачылары жеңип алып, биринчи орунга ээ болушту.

Кыргызстан жеңген 9 медалдын 7 медалын "Салбуурун" федерациясынын курама командасы жана жаш жаачылар жеңди.

Кыргызстандын атынан катышкан жаачылардын тизмеси:

  1. Садырова Асел “Салбуурун"
  2. Айбек кызы Сиюта
  3. Токонов Исхак "Салбуурун"
  4. Мурадил уулу Ынтымак "Салбуурун" 2 медал жеңди
  5. Алакунова Татына "Салбуурун"
  6. Торогельдиева Седеп "Салбуурун"
  7. Ногойбаев Рустам
  8. Токтоматов Бакыт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан