Бишкекте Комуз күнүнө карата 9-сентябрда чоң программадагы концерт өтөт. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Кабарлангандай, иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында белгиленет. Башталышы саат 18:00дө, каалоочулар үчүн кирүү акысыз.
Кошумчалангандай, быйылкы иш-чара залкар комузчу Карамолдо Орозовдун 140 жылдык мааракесине арналат.
Эске салсак, Кыргызстанда Комуз күнү быйыл бешинчи ирет белгиленүүдө.