"Жаан жаайт". 8-сентябрга күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 8-сентябрда өлкөнүн тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Башка аймактарда жамгыр жаабайт. Бул туурасында Кыргызгидромет борборунун маалыматында айтылат.

Белгиленгендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй жергесинде түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28 даража болсо,

Талас аймагында түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25 градус болот.

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32ге чейин жетет.

Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +19…+24,

Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25 даража жылуу болот.

Ал эми борбор калаа Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 26…28 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан