ЭЛДИК КАБАР: "Сабактар өтүлө элек".  Мурдагы КМЮАнын студенттери окуу системасына нааразы болушууда

Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында окуу жылы башталгандан бери сабак өтүлбөй, студенттер үчүн шарттар каралбай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө аталган окуу жайдын студенти кайрылды.

Анын айтымында, быйыл юридикалык академия Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин окуу системасына толук өткөндөн тарта окуу процесси начар болууда.

"Учурда окуу процесстери жүрбөй жатат, жөнөкөй эле сабактардын жүгүртмөсү бериле элек. Окуу жылы башталгандан бери сабакка күн сайын келебиз, бирок мугалимдердин жоктугунан улам кайра кетип жатабыз. Бизге жеткен маалымат боюнча мурдагы КМЮАнын көпчүлүк мугалимдери жумуштан кетишкен.

Жадагалса тамактануучу жайыбыз да иштебей турат. Мурун юридикалык академиянын окуу системасы менен окуп жаткан кезде бардыгы жакшы болчу", - деди студент.

Ошондой эле ал керектүү документтерди алуу үчүн кайсы бөлүмгө кайрыларын билбей жатышканын кошумчалады.

"Университетте окуп жатканыбыз тууралуу маалымкатты кайсыл жакка барып алышыбызды билбей жатабыз. Бизге жооп бере турган жоопту адам жок. Студенттер социалдык тармактар аркылуу нааразычылыктарын билдирип жатышат", - дейт ал.

Мындан тышкары, студенттер юридикалык академияны кайра мурункудай өзүнчө университет кылууну талап кылып жатышканын айтты.

Белгилей кетсек, былтыр президент Садыр Жапаровдун 18-июлда кол койгон жарлыкка ылайык, өлкөдөгү 5 окуу жайга өзгөчө макам берилген. Аны менен катар Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине кошулган.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан