Жалал-Абадда 28 жаштагы Онархон Усумбаева дайынсыз болуп изделүүдө

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын 28 жаштагы тургуну июнь айынан бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, 1995-жылы туулган Усумбаева Онархон Усанбаевна ушул жылдын 23-июнь күнү саат 07:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Учурда изделген жарандын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция кызматкерлери аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 160-165 сантиметр, кашы, көзү, чачы кара түстө. Толмоч, оӊ бетинде калы бар.

Милиция жоголгон жарандын акыл-эси жайында эмес экенин белгиледи.

"Дайынсыз болуп жаткан жаран тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз. Байланыш номерлер: 102, (03745) 5 02 57, 0702 16 98 97, 0552 49 60 02", - деп жазылат маалыматта.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан